Биздин боз үйлөр кардарларыбыздын көптөгөн маселелерин чечүүгө көмөктөшөр эң мыкты жол болуп саналат. Аларды эксклюзивдүү белек, туристтер үчүн экстраординардуу турак-жай, этно-ресторан же болбосо экспедициялар үчүн, көчмөндөр лагерлери үчүн ыңгайлуу баш калкалоочу жай катары колдонууга болот.

wooden-yurt-kyrgyzstan-min

Биздин накта боз үйлөрдө Кыргызстандын чыныгы көрүнүшүн сезиңиз!

“Этно боз үйлөр” 2012-жылдан бери кыргыздын улуттук үйлөрүн жасоого адистешкен. Биз бул салттуу-нарктуу жашоо образын сактоого жана кардарларыбызды кайталангыс жана жогорку сапаттагы буюмдар менен камсыз кылууга чын жүрөктөн аракет кылабыз. Мындан сырткары боз үй жасоонун ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан ыкмаларын заманбап усулдар менен айкалыштырабыз. Боз үйлөрдү кадимки жыгач уук-кереге менен дагы, темир менен дагы жасайбыз. Бул биздин боз үйлөрдү ого бетер бышык жана тигип-чечүүдө жеңил кылат, ошол эле учурда көзгө тааныш формасын жана көркөм көрүнүшүн сактайт.

Кыргызстанда жасалган боз үйлөр жана чатырлар, сапаттуу боз үйлөр арзан баада, Кыргызстандын улуттук боз үйлөрүн буюртма менен даярдоо, боз үйлөрдү жана чатырларды жасоо жана сатуу «Этно боз үйлөр» ЖЧКсы - улуттук боз үйлөрдү даярдоо жана сатуу.

БОЗ ҮЙЛӨР ШААРЧАСЫ

Биздин кесипкөй команда сиз үчүн жеке долбоорду иштеп чыгып, жогорку сапаттагы боз үйлөрдү тигет, бул сиздин келечектеги боз үй шаарчаңызга өзгөчө ыңгайлуу жана жайлуу атмосфера түзөт!

Кененирээк окуу

БОЗ ҮЙЛӨР ШААРЧАСЫ

Биздин кесипкөй команда сиз үчүн жеке долбоорду иштеп чыгып, жогорку сапаттагы боз үйлөрдү тигет, бул сиздин келечектеги боз үй шаарчаңызга өзгөчө ыңгайлуу жана жайлуу атмосфера түзөт!

Кененирээк окуу

Бул жерден биздин боз үйлөрдү жана чатырларды белек катары, эс алууда, фестивалдар, спорттук иш-чаралар жана башка ачык иш-чараларды өткөрүүдө убактылуу турак жай катары колдонулаган долбоорлорун таба аласыз.

Төмөнкүдөй кошумча кызматтар дагы бар: 2,10 м бийиктиктеги керегелерди даярдоо, эшикке оюлма кулпу орнотуу, кошумча эшик, каалаган өлчөмдөгү терезе, эшикти жылуулоо ж.б.